7-декабрь күнү Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде Алыкул Осмоновдун "Нева сени Ысык-Көл түбөлүк сүйөт" аттуу китебинин бет ачары болду. Кыргызстандан бул иш-чарага тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, орус акыны Михаил Синельников, адабият сынчысы Светлана Алиева, ошондой эле "Москва кайрыктары" клубунун, Москва шаары жана Москва дубанынан өкүлдөрү катышты.
Мындан сырткары адабият сынчылары Жамиля Бегиева, Светлана Алиева, Сергей Каратов, Акылбек Мураталиев өз ойлорун айтышты. Ошондой эле эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү талкууланды.