Ошто эркек киши кызганычтан досун өлтүрүп, аялына 8 жолу бычак сайды

Ошто эркек киши досун өлтүрүп, жарандык никедеги аялын жарадар кылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, окуя кызганычтан улам орун алган.

Алдын ала маалымат боюнча, алар 31-декабрдан 1-январга караган түнү бирге ичимдик ичип отурушкан. Эртең менен жарандык никедеги аялын кызганып, шектүү ашкана бычагы менен досун санга сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон.

Андан соң шектүү аялына 8 жолу бычак сайган. Учурда аял ооруканада, абалы жакшы экени айтылат маалыматта.

Ал эми кылмышка шектүү кармалып, Ош шаарындагы №5 СИЗОго киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2023-01-10 17:17:00
Чала болуптур ошон учун аяш паяш деп ыржандай бербеш керек тем более уйуно алып келип арак куюп берген озундо куноо
+2
Ekb92
2023-01-10 20:04:00
Аракты токтотуш керек, лучше ичпе
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан