Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин биринен жарандын 24 миң сомдук уюлдук телефонун уурдоого шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 9-январында М.Н. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал Д.Сяопин жана Мессароша көчөлөрүнүн кесилишинен кичи автобустан RedmiNote11 телефонун белгисиз жаран уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган А.А аттуу жаран кармалды. Анын жанынан уурдалган телефон далил катары алынды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.