Чүйдүн Сокулук районунда дүкөндө өспүрүм кызды бычак менен коркутту делген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Кабарлангандай, 5-январда Сокулук райондук милициясына арыз менен Студенческое айылынын 57 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кайрылган.
Ал арызында ушул эле күнү саат 19:20лар чамасында ошол эле айылдагы дүкөнгө ак түстөгү медициналык бет кап менен кол кап кийген белгисиз адам кирип келип, 17 жаштагы М.Т. аттуу кызды бычак менен коркута баштаганын жазган. Ошол маалда дүкөнгө кардар кирип калганда шектүү кассадагы акчаны алып, арткы эшик аркылуу качып кеткенин билдирген.
Шектүү кассадан 30 миң сом алганы аныкталган.
Аталган факты каттоого алынып, "каракчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 27 жаштагы Б.Ю. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө амалдары уланууда.