Кочкор-Ата шаарында жаранды коркутуп, акча опузалап талап кылууга шектүүлөр кармалды. Бул туралуу бүгүн, 11-январда Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 2022-жылдын декабрь айында Ноокен районунун 32 жаштагы тургуну А.И. милицияга арыз менен кайрылган.
Анда ал 20-декабрда "Бакай" аттуу Кочкор-Ата шаарынын тургуну чалып, калаанын "смотрящийи" болорун айтып, коркутуу жолу менен андан 50 000 сом жана 1 автоунаа талап кылганын айткан. Эгер айтылганы аткарылбаса үй-бүлөсүнө жана ага карата зомбулук көрсөтүлөрүн кошумчалаган. Ошол эле маалда жабырлануучу ага чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 34 жаштагы Ноокен районунун тургуну мурда Орусияда “каракчылык” фактысы менен сот жоопкерчилигине тартылган Ж.Б. экендиги аныкталган. Ал жабырлануучунун колунан ашканага кирип, 20 миң сом алып кетип жаткан жеринен кылмыштуу шериктеши 34 жаштагы Кочкор-Ата шаарынын тургуну Т.А. менен бирге кармалган.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ноокен райондук соту тарабынан аларга бир айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.