Бишкекте жаран өзүнө тиешелүү эмес унааны сатып жиберип колго түштү

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Ал жабырлануучуга таандык унааны сатып жиберген деп айыпталууда.

ИИМден билдиришкендей, 2022-жылдын декабрь айында милицияга Чүй облусунун 35 жаштагы жашоочусу кайрылган. Ал анда алдамчылык жолу менен материалдык чыгым келтирген жаранга карата чара көрүүнү суранган.

Такталгандай, Москва районунун аймагынан шектүү алдоо жолу менен жабырлануучуга таандык унааны башка бирөөгө сатып жиберген. Аталган факты 2023-жылдын январь айында Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Ал 27 жаштагы Б.М. аттуу Жайыл районунун тургуну болгон. Кармалган адам мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан