Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман кайрылып, "Манас" эл аралык аэропортунда Ош шаарына каттам кармалып жатканын айтты. Ал билдиргендей, саат 11:15тен бери аба майданында каттамды күтүп жатат.
"Бүгүн, 11-январь саат 11:45те Ошко учмакпыз. Биз аэропортко 11:15те келдик. Аэропорттор жабык болгондуктан каттам кармалып жатканын айтышууда. Эртең мененки 4 каттам деле учкан эмес экен. Аба майданында эл көп. Эки балам менен келгем. Эне-бала үчүн даярдалган бөлмөлөрдө балалуу энелер көп.
Каттам качан учары белгисиз. Эмнеге Кыргызстандын экинчи борбору болгон Оштун аэропортун карашпайт? Эмнеге кызматкерлер өз ишин так аткарбайт? Каттам кармалса алдын ала айтышпайбы? Ага жараша пландап келет элек" деп суроо салды ал.
Окурман аэропорттун ичиндеги дүкөндөрдө азык-түлүктүн баалары кымбат болгонуна дагы нааразы болду.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.