Токтогулда 24 жаштагы келин асынып алган абалда табылды

Жалал-Абаддын Токтогул районунда 24 жаштагы келин асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Кабарлангандай, 10-январь күнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында милицияга 24 жаштагы А.Б. аттуу келин жашаган үйүндө асынып алган абалда табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Анын негизинде ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Белгиленгендей, каза болгон келинди асынып турган абалда алгач 27 жаштагы М.Т. аттуу жолдошу көрүп, кабарлаган.

Ал 10-январь күнү саат 00:00дөр чамасында үйүнө келип, келинчеги жок болгондугуна байланыштуу аны издеп чыкканын билдирген.

Келин өздөрү жашаган үйдүн сарайында асынып турган жеринен табылган. Жолдошунун айтымында, экөөнүн ортосунда буга чейин уруш-талаш болгон эмес жана экөө жакшы мамиледе болушкан.

Каза болгон келиндин атасы жана жакын туугандары соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан