Бишкекте катуу сууктан улам 10 убактылуу жылынуучу түйүн ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, атайын чатырлар ордо калаанын 4 районунда тең тигилди. Түйүндөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте уюштурулган.
Жылытуу жайлары төмөнкү даректер боюнча орнотулат:
- Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде.
- №5 кичи районунда Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1/1 үйдүн жанында;
- №12 кичи районундагы Маданият үйүнүн жанында;
- Тунгуч кичи районундагы Глобус супермаркетинин жанында.
- "Октябрь" кинотеатрынын жанында;
- "Манас" кинотеатрынын жанында;
- Чүй, 315 дарегинде жайгашкан Ленин райондук акимчилигинин түштүк-батыш жагында.
- Восток-5 кичи районундагы "Мини арбат" аялдамасында;
- Красный строитель конушундагы Бельск көчөсүндө (№4 автобустун акыркы аялдамасы);
- Чыгыш автовокзалынын ичинде жана "Дордой" базарындагы "Азия" ТЭЦинде.
Чатырларда тургундар жылынып, ысык чай ичип алса болот.
Алардын ар биринде ведомствонун бир кызматкери нөөмөттө турат.