Кара-Суу районунда айыл өкмөттүн орун басары кармалды (фото)

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

"2023-жылдын 11-январында талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган М.Б.С. кармалды. Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Кызы-Кыштак айылынын башчысынын орун басары кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан