Ысык-Көл облусунда кар күрткүсүнө тыгылып калган унаа милиция кызматкерлери тарабынан чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлери Мерседес унаасы жолдун четине чыгып калганын байкап калышкан. Айдоочу унаасын жолго чыгара албай, убара болуп жаткан.
Айдоочунун айтымында, катуу шамал жана кардан улам жолдо күрткү орун алып, унааны жолдун четине чыгырып жиберген. Айдоочу унааны жолго чыгара албай, убара болуп жаткан. Унаанын ичинде жашы жете элек эки бала дагы бар болгон.
"Убара болуп жаткан үй-бүлөгө кайгуул кызматын жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлери жардамга шашылышты. Алар жолду тазалоого жардам берип, кар туткунунан унааны алып чыгышты. Унаа ээси жардам берген милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, жолун улантты", - деп жазылат билдирүүдө.