Муз үстүндө авто ээнбаштык жасаган айдоочуга 7 миң 500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Социалдык тармактарда Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл көлүндө муз үстүндө Дэу Матиз үлгүсүндөгү авто унаа жаш балдарды чанага отургузуп, авто ээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча маалымат жарык көргөн.
Бул факты боюнча Кочкордогу кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, авто унаанын айдоочусун таап, 7 миң 500 сом айып салуу менен унаасын убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизишкен.