Жалал-Абадда куткаруучулар керебеттен тура албай калган 81 жаштагы жаранга жардам беришти

Жалал-Абад шаарында 81 жаштагы жаран өзүнүн батирине бекилип, өз алдынча керебеттен тура албай калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Куткаруучулар Манас проспектисинде жайгашкан үйдүн 23-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинде 1942-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши керебеттен тура албай алган. Куткаруучулар эркек адамды тургузуп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.

Эшик ачууга 4 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан