Каракол шаарындагы Алтын-Казына жаңы конушунда убактылуу жашоочу жайда өрт чыгып, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, өрт аталган жайдын от жагуучу бөлмөсүнөн чыгып, 14 чарчы метр жасалгалары жана тиричилик буюмдары күйгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен 65 жаштагы эркек киши 3-даражадагы күйүк алган. Ал "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.