Сауд Арабиялык ишкер Лионель Месси менен Криштиану Роналдунун жолдоштук беттешине билет үчүн 2 миллион 500 миң доллардан ашык акча сунуштады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, оюнга баруу үчүн VIP билеттердин бири аукционго коюлуп, фаворит пайда болгон.
"Футболдогу атактуу Криштиану Роналду менен Лионель Мессинин беттешинин уландысын көрүү укугун алуу боюнча тендерди сауд арабиялык бизнесмен жетектеп жатат. Ал жолдоштук беттешке VIP билет үчүн 10 миллион риал (2,66 миллион доллар) сунуштап жатат", - деп жазылат маалыматта.
Беттештин уюштуруучуларынын айтымында, атайын билет ээсине “Аль-Наср” – “ПСЖ” оюнунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышууга, командалардын кийим алмаштыруучу жайларына барууга жана оюнчулар менен баарлашууга укуктуу. Сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.
Беттешти 19-январь күнү Эр-Риядда өткөрүү пландалууда.