Чүйдө менчик ишканага кол салууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 9-январь күнү ички иштер органдарына чет өлкөнүн жарандары кайрылып, мүлктү ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салгандарга карата чара көрүүнү суранышкан.
"9-январь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында Сокулук районунда жайгашкан жеке ишкананын имаратына куралданган бет капчан белгисиз адамдар кирип келишип, курал менен коркутушуп, 650 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Кылмыш жасалган учурда имараттын ичинде фирманын төрт кызматкери болгон", - деп жазылган маалыматта.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1989-жылы туулган Ш.А. кармалды. Аны кармоо учурунда 9 мм калибрдеги Макаров тапанчасына окшош курал табылып алынган.
Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Андан сырткары кылмыш ишине тиешеси бар үч жаран кармалган. Кармалган жарандардын бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.