"1,3 миллион сом зыян". Нарында бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды

Нарында бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлайт.

Маалымдалгандай, "А. X." ЖЧКсына 2018-жылы Liebherr R 914 үлгүсүндөгү сүзгүчү бар чынжыр дөңгөлөктүү экскаватор келгенин жана убактылуу ташып келүү жол-жобосу боюнча бажылык тариздөөдөн өткөнү аныкталды.

"Аталган транспорттук каражат ЕАЭБдин аймагынан тышкары чыгарылбастан жана андан ары бажылык тариздөөсүз Кыргызстанда жайгашкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен аталган ишкана өлкө бюджетине 1 миллион 314 миң 588 сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан