Ош шаарында арматура менен сабалып каза болгон жарандын ишине байланыштуу бир адам кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.
Окуя бүгүн, 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Оштогу РСК Банктын жанында болгон. Анда Кызыл-Кыя шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н.К. арматура менен сабалып каза болгон.
Мындан тышкары, ушул эле күнү "Тез жардам" кызматы ошол эле түнү ооруканага дагы бир адамды алып барышканын милицияга билдирген. Ал бычактан жаракат алган жана абалы оор болгон. Дарыгерлер аны Курманжан-Датка көчөсүндөгү дүкөндүн жанынан табышкан.
Учурда бул фактыга шектелип бир адам кармалды. Кылмышка катышкан башка адамдарды аныктоо жана издөө иш-чаралары уланууда.