"Колундагы акчаны ыргытып". УКМК Кадастрдын кызматкерлерин пара алып жатканда кармаган видео

Ошто "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-январда мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн - 30 миң сом алып жаткан жеринен "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Оштун Араван районундагы филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалды.

"Алар президент тарабынан кабыл алынган "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүп жатканы кошумчаланды.

Видео: УКМКнын маалымат кызматы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан