Оштогу өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар уланууда

Ош шаарындагы өзгөчө оор кылмыштын бетин толук ачууга багытталган комплекстүү иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө белгисиз адамдар бир адамды өлтүрүп, экинчисинин денесине оор залал келтиришкен. Андан соң кол салгандар унаа менен качып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин (Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жеринде өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча тергөө-ыкчам тобунун ишин координациялоодо.

Учурда кылмышкерлердин төртөө кармалды.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жана алардын жакындарынын даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, автоунаалар жана унаалардагы жүргүнчүлөр текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан