"Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору – Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана Базар-Коргон районунун акими кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 13-январында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (“Алдамчылык”) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору — Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э.Б. жана Базар-Коргон районунун акими С.Дж. кармалды.
"2023-жылдын 13-январында “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э. Б.жана Базар-Коргон районунун акими С. Дж. кармалды. Алар Т. И. аттуу жаранга Базар-Коргон шаарынын мэринин кызматына кайра келтирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн ишенимине кирип, андан ары президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң доллар алышкан. Алар берген убадаларын аткарбай, акчасын кайтарбастан жабырлануучуну коркута башташкан”, - деп жазылат маалыматта.
Учурда кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.