Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыкты

Бишкектеги "Орто-Сай" базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, бүгүн, 15-январда саат 02:38 чамасында Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан "Орто-Сай" базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Жерине өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 03:37де өрт чектөөгө алынып, саат 05:10до толук өчүрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн жашылча-жемиш сатуучу жай жана эт сатуучу 6 даана желим материалдан курулган павильон, муздаткыч, отургучтар күйгөн.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан