Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 14-январында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгүндө "Опузалап талап кылуу" каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, 1998-жылы туулган Ж.у.А. аттуу Базар-Коргон районунун Сейдикум а/а Кызыл-Ай айылынын тургуну кармалды.

Шектүү күч колдонуп коркутуу жолу менен жергиликтүү ишкерлерден 1 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражаттарын жана башка материалдык керектөөчүлөрдү системалуу түрдө талап кылып алып жүргөн.

Ошондой эле Базар-Коргон районунун Сейдикум а/а Сай айылынын аймагында жер тилкелерин өз алдынча басып алуу менен алектенип, 20 сотых жерге айыл чарба багытындагы мал сарай жана мыйзамсыз турак жай куруп алган.

Учурда шектүү тергөө камак жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2023-01-15 19:03:00
Кылмыштуу топтор жайнап кетти го,Ташиев каякты карап атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан