Майлуу-Сууда окуучулар онлайн окутууга өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында билим берүү мекемелери онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт.

Ага ылайык, мындай жагдай аталган калаага өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу экени айтылат. Онлайн окутуу шаардагы абал калыбына келгенге чейин уланмакчы.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 12-январында катуу сууктун айынан Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Мындан улам 13-январда Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Бүгүн, 16-январда өлкөдө окуучулардын кышкы каникулу аяктап, сабактар башталган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан