Бишкек-Ош унаа жолуна жалпы 95 миң 500 метр куб кар көчкү атайын түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 16-январь күнү Бишкек-Ош автоунаа жолунун кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарында карды атайын атып түшүү иш-чарасынынын негизинде 95 миң 500 метр куб кар көчкү түшүрүлдү.