Бишкекте баңгизат пайдаланганга шектелип милиция кызматкери кармалды

Бишкектин Свердлов райондук күзөт кызматынын милиция кызматкери Э.А. баңгизат пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, анын кызматтык формасынын бушлатынын сол чөнтөгүнөн целофанга оролгон өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм болгон белгисиз зат табылып алынган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү аны Наркология борборуна алып барып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөндө баңгизатын колдонгону аныкталган. Андан тышкары анын жогоруда көрсөтүлгөн далил зат катары алынган кочкул-күрөң түстөгү баңгизатты сатып алган дарегин айткан.

Жал кичи районундагы батирлердин бирине тинтүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 57 граммдан ашык зат табылып алынган. Ошондой эле баңгизатты колдонуп отурган 4 жаран: 29 жаштагы Ч.М. менен жаштагы Ш.уулу Ч., 33 жаштагы А.Б., 31 жаштагы Б.И. Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына бардык далил заттар менен бирге жеткирилген.

Мындан сырткары жогорудагы жарандарды Наркология борборуна алып барганда баңгизаттарын колдонушаары тастыкталды.

Кармалган Свердлов райондук күзөт кызматынын милиция кызматкери Э.А. тергөө абагына камакка алынды. Ошондой эле үйүнөн баңгизат табылган Жал кичи районунун тургуну 29 жаштагы Ч.М. камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан