Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Малик Аликеев каза болду. Маалыматты "Манас" театрынын директору Азиз Биймырза уулу тастыктады.
Анын айтымында, ал оорудан улам каза болгон.
Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган. Беш бир туугандын кенжеси.
Малик Аликеев элге “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” ырлары менен белгилүү. Жубайы Жаңыл айым экөөнүн ортосунда бир уулу бар.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты ырчынын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.