Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-январда саат 19:00 чамасында Чүйдүн Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында баңгизат сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Алардан өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү таңгакталган 12 килограмм 170 граммды түзгөн “Гашиш” баңгизаты табылып алынды.

"Г.К. уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү катары ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын ыкчам каттоосунда турган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Видео: ИИМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан