"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) жетекчиси Кудрет Тайчабаров бүгүн, 17-январда кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганы маалым болду.
Тайчабаров бул кызматта 2 жылдан бери өргүүсүз иштегенин жана мындан улам анын саламаттыгында көйгөйлөр болгонун айтты. Учурда III даражадагы гипертония менен жабыркап жатканын жана ден соолугуна кам көрүү зарылчылыгынан улам арыз жазганын белгиледи.
Эске салсак, Кудрет Тайчабаров "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директорлугуна 2020-жылдын 14-ноябрында дайындалган.