Сузакта денеге оор залал келтирип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абаддын Сузак районунда денеге оор залал келтирип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Кабарлангандай, өткөн жылы 18-октябрда Сузак районунун 47 жаштагы Д.К. аттуу тургуну ушул эле райондун 1955-жылы туулган Ж.М. аттуу тургунун уруп, денесине оор залал келтирген.

Жогорудагы окуя боюнча жабыркаган жарандын арызынын негизинде "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кечээ, 17-январда Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну (мурда ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган) Д.К. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан