Бекешев өкмөттөн электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча график түзүүнү талап кылды

Бүгүн, 18-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев электр жарыгы кайсы маалда өчүрүлөрү тууралуу элге алдын ала маалымат берүү керектигин билдирди.

"Бардык аймактарда электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатат. Түшүнүп турам, электр энергиясы тартыш, жабдуулардын да эскилиги жеткен. Бирок жок дегенде график түзүп, "саат баланчадан-түкүнчөгө чейин электр жарыгы өчүрүлөт" деп жарандарга маалымат берип койбойсуңарбы! Эл ошого жараша даярдык көрөт да. Азыр күтүүсүз жерден эле өчүп калууда", - деди Бекешев.

Ошондой эле ал электр жарыгы өчүрүлүп жаткандыктан эл көмүр жана башка нерселерди жагып, калааны кайрадан ыш каптап жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан