Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында милициянын күзөт кызматынын жетекчилери опузалап акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, текшерүү жана иликтөөлөрдүн жүрүшүндө ИИМдин күзөт кызматынын Таш-Көмүр шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн башчысы Н.С. жана күзөт бөлүмчөсүнүн взвод командиринин орун басары С.Т. өздүк курамдан системалуу түрдө опузалап акча алып жүргөндүгү аныкталган.
Таш-Көмүр шаардык күзөт бѳлүмчөсүнүн бир катар кызматкерлери бул фактыны тастыктап беришкен.
Аталган факты боюнча “Пара алуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.
Ыкчам иштерин жүргүзүү учурунда Таш-Көмүр шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн башчысы Н.С. жана Таш-Көмүр шаардык күзөт бөлүмчөсүнүн взвод командиринин орун басары С.Т. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Алар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Баш коргоо чарасы жакын арада аныкталат.