Электр жарыгын өчүрүүлөр боюнча алдын ала маалымат берилип турат

Өлкөдө кыска мөөнөттүү электр жарыгын өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымат берилет. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынан маалымдашты.

Кабарлангандай, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулаган. Буга байланыштуу электр жабдууларга күч келгени айтылат.

"Учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иш чаралары көрүлүүдө.

Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече күндөгү ашыкча жүктөмдөр менен байланышкан өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин, мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр күтүлүп жатканын аныктоого болот. Буга байланыштуу аймактык Электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерди маалымдайт", - деп айтылат маалыматта.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы керектөөчүлөрдү бир убакта бир нече тиричилик техникасын күйгүзбөөгө жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2023-01-18 15:13:00
Кайсы сайт же социалдык тармактарда жарыяланат жазып койгулачы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан