Бүгүн, 18-январда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Токмок шаарына жакын аймагында жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 1 жаран каза болуп, 5 адам жаракат алган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, окуя саат 12:00 чамасында орун алган. Анда Ваз-2107 унаасы Токмок шаарынын Парковая көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, айланма жолго чыга калып, күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшүп кеткен. Андан соң карама-каршы тилкеде келе жаткан Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен 1987-жылы туулган А.Т. аттуу жаран ошол жерден көз жумган. Мындан сырткары Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын 5 жүргүнчүсү жаракат алган.
Эскерте кетсек, буга чейин жогоруда аталган жол кырсыгы боюнча окуянын күбөлөрү социалдык тармактар аркылуу билдирген болчу.