Бишкек шаарынын аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында жолдогу жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга көзөмөлдү күчөтөт. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Ошондой эле кошуна мамлекеттерден алынып келинип өлкө аймагына каттоосу жок унаа каражаттарынын айдоочулары тарабынан, жол эрежелерин одоно бузуп "Коопсуз шаар" камераларында айыптары көп катталган унаа каражаттары текшерүүгө алынат.
"Өлкө аймагында каттоосу жок унаа каражаттары тарабынан «Коопсуз шаар» камераларында катталган айыптар юридикалык даректери болбогондуктан Кыргыз Ресрубликасынын укук бузуу кодексинин 508-беренесине ылайык убактылуу токтотулган учурда унаа каражаты айып аянтчасына токтотулуп, айып токтомдору ыйгарылат.
Өлкө аймагында каттоосу жок унаа каражаттарына катталган айыптарды алдын ала тактоо үчүн Бишкек шаарынын М.Горкий №20 дареги боюнча мониторинг борборунда же 100 жана 0312 530376, 530389 телефон номерлерине байланышып тактап алууга болот", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Учурда айып пулу көп чет элдик номурдагы унаалар айып короо жайына киргизилүүдө.