Украинада бала бакчанын үстүнө тик учактын кулашынын үч версиясы аталды

Украинанын Коопсуздук кызматы Киев облусунда тик учактын кулашы боюнча сотко чейинки иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Украинанын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Андагы маалыматта, учурда коопсуздук кызматы үч версияны карап жатат: учуу эрежелерин бузуу, тик учактын техникалык бузулушу, ошондой эле учакты атайылап жок кылуу аракеттери.

"Украинские новости" басылмасы учкучтун катасы кырсыкка себеп болгон деген алдын ала версия экенин жазды. Басылманын маалыматына караганда, учак кулаган жерде туман болуп, тик учак бала бакчанын чатырын сүзүп, үстүнө кулаган.

Тик учак кырсыгынан 18 адам, анын ичинде ички иштер министри Денис Монастырский каза болгон. Ошондой эле 29 адам, анын ичинде 15 жаш бала жарадар болду. Бардык жарадарлар ооруканага жаткырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан