Коңшу Өзбекстанга баасы 540 миң сом болгон мыйзамсыз тамекини алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, мыйзамсыз тамеки алып өтүүгө аракет кылган 22 жаштагы Д.Э аттуу жаран чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал коңшу өлкөгө 12 даана коробка MILANO тамекисин алып өтүүгө аракет кылган. Тамекинин жалпы баасы 540 миң сомду түзгөн.
"Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти УКМКдан.