Бишкектеги Батыш автобекетинде таңга маал ири өрт чыкты

Бүгүн, 19-январда таңга маал Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана ИИМден 1 экипаж, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 1 кызматкер тартылды", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Тилсиз жоо саат 5:56да чектөөгө алынып, саат 8:54тө толугу менен өчүрүлдү.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталып жатат. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар катталган жок.

Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде ири өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан