Бишкектеги Биринчи май районунун Балбан-Таймаш көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 00:35те чектөөгө алынып, 02:27де өчүрүлгөн. Анын кесепетинен жалпы аянты 100 чарчы метр үйдүн чатыры, анын ичинде үй тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн.
"Ошондой эле жанаша салынган үйдүн 12 чарчы метр чатыры жана пластик шыбы күйгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушунан чыккан. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.