Ошто "Муслим" турак жай кооперативинин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, аталган турак жай кооперативинин жетекчиси А.А. аттуу аялдын үстүнөн өткөн жылдын декабрынан тартып 8 арыз түшкөн. Буга байланыштуу аталган жарандын үстүнөн кылмыш иши козголгон.
Маалыматта аталган турак жай кооперативинин жетекчиси бир нече жаранга үй жана унаа алып берүүнү убадалап, бирок өз убадасына турбай койгону айтылат.
Белгиленгендей, арыздануучулардын бири Т.Б. аттуу жаран "Муслим" турак жай кооперативинин жетекчисине үй алуу үчүн 1 миллион 600 миң сом берсе, дагы бир жаран автоунаа алуу үчүн 210 миң сом берген.
"Ак-Буура милиция бөлүмүнүн алган ыкчам маалыматтарына караганда, жабыркагандар мындан бир нечеге көп жана алар Ош шаарынан гана эмес, республиканын башка аймактарынан дагы болушу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү шектелип жаткан жарандан жабыркагандар болсо 03222-6-64-02, 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.