Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүүлөр кармалды.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 12-январында А.С. аттуу жаранга карата таңкы саат 04:00 чамасында Чыгыш-5 кичи районунда белгисиз жарандар физикалык күч колдонгон. Натыйжада коркутуп-үркүтүп 12 миң 500 сомдук Redmi Note 11 маркасындагы уюлдук телефонун алып, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкен.
Бул факты боюнча жабырлануучунун арызынын негизинде "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгн.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 2000-жылы туулган К.Р. жана 2003-жылы туулган А.Ч. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса боло турганын эскертти. Байланыш номерлери: 0 (705) 27-09-03, 0 (778) 09-03-18, 0 (312) 43-28 -15 жана 102.
Учурда тергөө иштери уланууда.