Эстрада ырчысы Бегимай Карабаева бүгүн, 19-январда 35 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыгып, чыгармачылыгы тууралуу да суроо бере кеттик.
"Туулган күн, жаңы жыл өңдүү майрамдарды анча күтө бербейм. Болгону бүгүн апама белек кылам. Жолдошум экөөбүз быйыл чыгармачылыгыма көңүл буралы деп план койгон элек, бирок пландар ишке ашпай калды. Учурда кош бойлуу болуп, токсикоз менен алышып жүрөм. Балам менен кайын журтума кызмат кылып, келиндик доорду армансыз өткөрүп жатам", - дейт ал.
Бегимай Карабаева 19-январда Баткен шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Баткендеги В.И.Ленин атындагы орто мектепти бүтүрүп, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эл оозуна "Баёо сезим", "Жалгыздык", "Адашпайм" деген ырлары менен алынган.