"Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү видеого тартылып калган". Кадамжайда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду (сүрөт)

Кадамжай районунда (Ош-Баткен-Раззаков жолунун 161-чакырымы) жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 19-январда саат 11:30 чамасында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып рулду башкара албай, оор жол кырсыгына учураган.

Анын кесепетинен айдоочу жеринде көз жумуп, жанындагы жүргүнчүсү оор абалда ооруканадан жан берген.

Кадамжайда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан