Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чүй каналынан 9 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМнын маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, 18-январь күнү Дордой-2 конушунун аймагынан агып өткөн кичи Чүй каналына 10 жаштагы Б.Ө. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Кечээ, 19-январда жерине 5 куткаруучу, туугандарынан жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган. Натыйжада саат 10:30да баланын жансыз денеси табылган.