Нарын шаарында милиция кызматкери өз үйүндө асынып алды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-январь күнү болжол менен саат 17:43 чамасында өз үйүндө А.У. аттуу милиция кызматкери асынып алган. Окуя Нарын шаарында орун алган.
Окуя болгон жерге Нарын ОИИБдин жана Нарын ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда 36 жаштагы кызматкер асынып каза болгондугу тууралуу маалымат такталган. Сыртынан кароо жүргүзүүдө денесинен күч колдонуу белгилер байкалган эмес.
Маркумдун ата-энеси, жакын туугандары сөөктү соттук-медициналык изилдөө жүргүзүүдөн баш тартышып, эч кимге эч кандай доосу жок экендигин билдиришкен. Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Маркум кызматкер милициянын капитаны ички иштер башкармалыгында 2012-жылдан бери кызмат өтөп, Нарын ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын взводунун командири кызмат ордунда эмгектенген.
.