Бишкекте каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 1992-жылы туулган Д.М. аттуу жаранды 18-январь күнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эс алуу учурунда Максат аттуу чала таанышы белгисиз үч адам менен белгисиз үлгүдөгү тапанча жана бычак менен коркуткан. Натыйжада Редми-9 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана акчасын тартып алган.
Жабырлануучунун арызынын негизинде жогоруда аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишке шектүү катары Ысык-Көл облусунда жашаган 1989-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалган.
Белгилүү болгондой, ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Мурда каракчылык, тоноо, опузалап акча талап кылуу сыяктуу бир нече кылмышты жасоого шектелип соттолгон.
Ошондой эле анын шериги Орусиянын аймагында каракчылык үчүн бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган Т.М. аттуу жаран да кармалган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.