Бишкекте мектептерден бомба табылган жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматында айтылат. Мындан улам милиция дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Бүгүн, 20-январда болжол менен 09:30дар чамасында "102" кызматына №33 мектеп-гимназиянын жана дагы Бишкектеги 3 билим берүү уюмунун электрондук почтасына имараттарга жарылуучу зат коюлганы тууралуу анонимдүү билдирүү келген.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топтору жана райондук бөлүмдөрдүн жетекчилиги дароо келишип, милиция кызматкерлери мектептердин аймагын курчоого алып, окуучулар жана администрация эвакуацияланган.
Тиешелүү иштерди ИИМдин кинология кызматы жүргүзгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин калаадагы 4 мектепте бомба изделип жатканы айтылган.