УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында УКМКнын Т.Ы. аттуу тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, О.А. аттуу тургун күн мурун Башкы прокуратурага кайрылып, ага карата кылмыш ишин токтотуу үчүн андан 20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып жаткан тергөөчүгө жана УКМКнын башка кызмат адамдарына карата чара көрүүнү суранган.
Анын арызынын негизинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан "өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Бүгүн, 20-январда УКМКнын имаратында 15 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда бул иш боюнча башка кызмат адамдарынын кылмышка катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.