Белгилүү бразилиялык футболчу Дани Алвес Барселонада полиция тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал сексуалдык зордуктоо боюнча айыпталууда. 39 жаштагы футболчу 2022-жылдын аягындагы бул жаңжалдуу окуяга туш болгон.
Полицияга арыз жазган аял футболчу аны атактуу Саттон түнкү клубунда зордуктаганын айткан. Дани Алвес өзү бул түнкү клубда 30-декабрда болгонун моюнуна алган, бирок күнөөлүү эмес экенин айтып келет.
Учурда тергөө иштери уланууда.