Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн “маталлист” каймана аттуу жаран Болгариядан кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.
2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы бир катар алдамчылык аракеттерин жасаган жаран Д.Ибраевге карата издөө жарыяланган. Ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш объекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, 19 миллион 821 миң доллар алып, андан соң изин жашырып кеткен.
Белгилүү болгондой, ал “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Казакстанга өтүп кеткен. 2020-жылдын февраль айында Д.Б.га карата Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.
"2020-жылдын 27-февралында ал Болгариядан кармалып, камакка алынган. Бирок, Д.Ибраев адам укуктары боюнча Европалык сотко , андан сырткары, Болгариянын компетенттүү органдарына кайрылып, адам укуктарын коргой турган өлкөнү издеп жүргөнүн билдирген. Коргоо тарап экстрадициялоо боюнча чечимге арызданышкан. Апелляциялык сот болсо, үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. 2022-жылдын май айында, Болгариянын Варна шаарынын райондук сотунун чечими менен Д.Ибраевге эч жакка чыкпоо жөнүндөгү бөгөт чарасы камакка алуу түрүндөгүгө өзгөрүлгөн", - деп билдиришти ИИМден.
Бирок анын кайда жүргөндүгү белгисиз болгон. 2023-жылдын 18-январында ал кайрадан кармалып, камакка алынды.
Азыркы учурда компетенттүү органдар аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.